"Жеринде айып пул салынып". Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандар камера аркылуу аныкталууда (видео)

Бишкекте камера аркылуу туш келди таштанды ыргыткандар аныкталып, айып пул салынууда. Бул туурасында Муниципалдык инспекция билдирди.

Маалымдалгандай, рейд Учкун жаңы конушунда болду. Бул иш-чараны уюштуруу сунушу аймактын жашоочулары тарабынан мэрияга келип түшкөн.

Аталган аймакта ар ишемби күнү "Тазалык" ишканасынын атайын унаасы үйлөрдү кыдырып, таштандыларды жыйып кетет. Бирок ага карабастан жергиликтүү тургундар өз алдынча жолдогу бак-дарактардын арасына акыр-чикирлерин таштап, ал жер таштанды талаасына айланып кетүүдө.

Муниципалдык инспекция жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрым мыйзам бузгандарга 5500 сомдон жеринде айып пул салды.

26.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан