Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкекжашылчарба" жана "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын ишин көрүп чыкты. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, калаа башчысы "Тазалык" ишканасына 32 заманбап атайын техниканы тапшырды. Жалпысынан 168 даана жаңы атайын техникалар келген.
"Кызматкерлерди өз убагында атайын сезондук кийимдер менен камсыз кылуу жана аларга ылайыктуу эмгек шарттарын түзүү маанилүү. Атайын техниканы эффективдүү пайдалануу жана ар бир жергиликтүү аймактык бирдиктерге, анын ичинде ААРдин алкагында борборго кошулган жаңы айылдарга да бөлүштүрүү керек", - деп билдирген мэр.
Ага улай "Бишкекжашылчарба", "Тазалык", "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын жана "Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин" кызматкерлеринин эмгек акысын аткарылган иштердин көлөмүн жана алардын жоопкерчилик деңгээлин эске алуу менен 20% көтөрүүнү тапшырды.