Бишкектеги көчөлөрдүн биринде эки айдоочу "эрежесиз эр уруш" уюштурду (видео)

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде эки унаанын айдоочусу мушташа кетишти.

Социалдык баракчаларга тараган видеодон бири бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, мушташып жаткан эргулдарды көрүүгө болот. Аларды арачалоого бир нече адамдар келген. Ага карабастан эки жигит коомдук жайда тартипти бузуп, урушун бир саамга улантышкан. Мындан тышкары унааларын жолдун ортосуна таштап, башка унаалардын өтүүсүнө жолтоо болгон.

Ошондой эле айдоочулардын бири экинчисинин унаасынын алдыңкы айнегин колу менен сындырып, алардын пикир келишпестиги күч алган.

Видеодо эки жигит уюштурган "эрежесиз эр уруштун" себептери айтылган эмес.

26.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Жумабек
2025-04-26 17:06:00
Урматтуу президент ушуга окшогондорго өтө каттуу чара закон киргизиңизчи сураныч буга окшогондор өтө көп болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан