Беш-Күнгөйдө 2500 орундуу стадион Садыр Жапаровдун катышуусунда колдонууга берилди

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы “Достук Арена” стадиону колдонууга берилди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев катышты.

Мамлекет башчысы жаңы спорттук объекттин инфраструктурасы менен таанышып, машыгуу залын, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү жана административдик имараттарды көрүп чыкты.

Садыр Жапаров айыл жергесинде 2500 адамды батыра турган заманбап стадион пайда болгонун айтып, Кыргызстандын тарыхында алгач ирет жерпайынан чатырына чейин жаңы курулган объект болгонун баса белгиледи. Ал өткөн жылдын март айынан тарта жаңы стадиондун курулушуна өзү көз салып турганын белгиледи. Ал эми стадионго “Достук Арена” атын берүү демилгеси Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиевге таандык экенин белгиледи.

Жаңы объектте футболчулар жана күйөрмандар үчүн бардык шарттар каралган: табигый жана жасалма көк майсаң чөп оюн талаасы, оюнчуларга ылайыкталган жатакана, тамактануу жайы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, административдик бөлмөлөр, фитнес зал, медиа, расмий өкүлдөр жана VAR-системасы үчүн дагы бөлмөлөр орун алды.

Ачылыш аземи Кыргызстандын премьер-лигасынын 7-турунун алкагында “Талант” (Беш-Күнгөй) жана “Алга” (Бишкек) футболдук клубдарынын оюну менен коштолду. Беттеш 2:1 эсебинде "Алга" командасынын пайдасына аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан