Бишкекте милиция кызматкерлерине баш ийбей, тапанча менен коркуткан 4 жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 24-апрелде саат 22:30дар чамасында, милицияга Маевка айлында белгисиз адамдар чырак менен бир нерсе издеп жүргөнүн билдиришкен. Маалыматты тастыктоо максатында, кызматкерлер көрсөтүлгөн жерге барып Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын ээси менен маек жүргүзгөн. Ошол учурда Лексус 470 LX үлгүсүндөгу унаасы менен башка адамдар келип, белгисиз себептер менен кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, мыйзамдуу талаптарына баш ийбей тапанча менен коркутушкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Натыйжада 1995-жылы туулган Б.Ж., 1999-жылы туулган К.Н., 2004-жылы туулган М.К., 2006-жылы туулган М.И., аттуу шектүүлөр аныкталып кармалган. Ошону менен бирге шектүүлөрдү Бишкек шаарынын наркологиялык диспансеринде текшерүүнүн жыйынтыгында, алардын баңгизат колдонгондугу аныкталган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.