Социалдык баракчаларда Баткендеги Айгүл гүлүн бир кулач кылып көтөрүп алгандардын сүрөттөрү тарап, коомчулуктун сынына калды. Мыйзамсыз бул иш-аракеттер кайсыл учурда тартылганы айтылган эмес. Анда эки айымдын бир нече түп гүлдү үзүп, көтөрүп алганын көрүүгө болот.
Айта кетсек, Баткендин символу болгон Айгүл гүлү Кыргызстандагы уникалдуу өсүмдүктөрдүн бири. Ал жылына 2-3 жума гана гүлдөйт. Азыр Айгүл тоосу корукка алынып, андагы гүл СССРдин кызыл китебине 1978-жылы киргизилсе, 2004-жылы Кыргызстандын кызыл китебине катталган. Айгүл гүлү Баткен облусунун Кара-Булак кыштагында орун алган. Кызыгы тоонун күңгөй тарабында эмес, тескей тарабында өсөт.