Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы жолунун курулуш иштеринен кабар алды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, министр курулуш аймагында жумушчулардын коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин баса белгилеп, жаралган тоскоолдуктарды тез арада чечүүнү тапшырды. Аталган жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылы 29-сентябрда Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.