Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугун жеңди (видео)

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы III дивизиондун А тайпасынын Дүйнө чемпиондугун жеңди. Бул туурасында федерациядан билдиришти.

Мелдеш 21-27-апрель күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн.

Алар алгач Люксембургду 6:0 эсебинде жеңип, Түштүк Африканы 5:2, Босния жана Герцеговинаны 5:1 жана Түркмөнстанды 8:1 эсебинде артта калтырды. Ал эми Түркия менен болгон финалдык оюн 3:1 эсебинде жыйынтыкталып, Кыргызстан Дүйнө чемпиондугун жеңди.

Жеңиш алып келген голдордун ээлери Султан Исманов, Михаил Чувалов жана Мамед Сейфулов болду.

Айта кетсек, Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы кийинки жылы II дивизиондо ойношот.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпиондугун жеңди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан