SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жапонияда эмгектенип жүргөн Гүлдаана Адылбекова менен маек курабыз. Каарманыбыз алыскы күн чыгыш өлкөсүндө кыргыз продукциясын сатып иштейт. Биз Гүлдаана менен баарлашып ал жактагы жашоосуна, өлкөбүздүн кайсы азык-түлүгүнө суроо-талап көп экенине кызыгып көрдүк.
- Саламатсызбы, Гүлдаана! Алгач өзүңүз жөнүндө кененирээк билсек...
- Саламатсыздарбы! Мен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында төрөлүп, ошол эле айылда чоңойгом. 29 жаштамын. Мектепти да өзүбүздүн айылдагы №20 орто мектебинде окуп, аяктаган соң Ош мамлекеттик университетине бизнес башкаруу багыты боюнча тапшыргам. Кесибим боюнча экономист-бухгалтермин. Учурда Жапонияда Кыргызстандын продукцияларын сатып иштейм.
- Жапонияда биздин кайсы азык-түлүктөргө суроо-талаптар жогору?
- Бизде негизинен ак жана кызыл бал көп сатылыт. Анткени табигый жана сапаттуу. Ошондой эле “Алатоо” шоколады жана алманын кагы суроо-талапка ээ. Жапон эли табигый, ден соолукка пайдалуу, өзгөчө даамы бар продукцияларды баалашат. Ошондуктан биздин бул товарларыбыз жакшы сатылат. Баарынан да ак балды өзгөчө жактырышат. Себеби анын табигый тазалыгы жана жумшак болгону менен жегиликтүү.
Бул тууралуу жакында эле болгон кызыктуу окуяны айта кетейин. Жапонияда өтүп жаткан ЭКСПО-2025 (EXPO-2025) эл аралык көргөзмөдө өлкөбүздүн ак балы сунушталып, конокторго маалымат берилип жаткан эле. Мен кесиптешим экөөбүз биздин павильонго келгендерге балды ооз тийгизип, анын сапаты жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип жатканбыз.
Ошол учурда 83 жаштагы жапон абышка балга өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, элдин көптүгүнөн пайдаланып 200 граммдык балды акырын алып кетүүгө аракет кылды. Эксподо коопсуздукту камсыздаган жапон күзөтчүлөр жана кызматкерлер бул көрүнүштү байкап, дароо милиция чакырышкан.
Жогоруда айтып өткөнүмдөй эле, Кыргызстандын ак балы Жапонияда өтө жогору бааланат. Ар кайсы региондоруна жеткирилет. Тазалыгы менен сапаты жергиликтүү эл арасында популярдуу. Экспо башталардын алдында Жапониянын телеканалдары бал тууралуу сюжеттерди көрсөтүшкөн. Ал болсо элдин кызыгуусун күчөткөн. Анткени ак бал дүйнөдө сейрек кездешет эмеспи.
Ал эми балды уурдап алган абышкага байланыштуу биз тараптан доо коюлган эмес. Жетекчилерибиз ал кишиге балды белек катары беришкен. Натыйжада бул окуя өлкөбүздүн ак балын жакшы жарнама кылып берди десем жаңылышпайм.
- Сонун! Сиз ал өлкөгө кантип барып калдыңыз эле?
- Университетти аяктаган соң өз кесибим менен иштеп жүрдүм. Таякемдин кызы Жапонияда окуп, иштечү. Сүйлөшүп калганыбызда элин мактап, жумуш шарттарын айтып кызыктыра берчү. Сен да кел деп чакырып жатып, менин да бул өлкөгө кызыгуумду күчөттү. Изилдеп көрсөм кыздар үчүн да коопсуз, таза өлкө экен. Анан тил үйрөнүп, иш үчүн виза алып, 2020-жылы Жапонияга биринчи жолу келдим.
Алгач суу эсептегичтерин өндүргөн заводго стажёр болуп 3 жылдык келишим менен келгем. Ал заводдо иштегенден сырткары Кыргызстандын балын Жапонияга экспорттогон компанияда кошумча иштечүмүн. 2023-жылы келишим бүткөн соң мекенге кайтып келип, Жапониядан келген делегацияларга котормочу болуп иштеп жүрдүм. Менин активдүүлүгүмдү баалап, кайрадан бул өлкөгө чакырышты. Мен болсо виза алууга документтеримди тапшырып коюп, жапон инвесторлорунун Ош шаарындагы өкүлү катары иштеп жүрдүм. Ал убакытта жапон стилиндеги жөө өтмөк көпүрөсүн куруу долбооруна катыштым.
Ошентип 2024-жылдын аягында визам чыгып, 2025-жылдын февраль айында кайрадан келип калдым.
- Жапон тилин үйрөнүү кыйын болгон жокпу? Тил үйрөнүүдөгү өзүңүздүн тажрыйбаңыздан да бөлүшө кетсеңиз.
- Башында бир аз кыйын болду. Бирок кызыгуу жана максат коюу менен бул тилди өздөштүрүп кеттим. Жапон тилинин грамматикасы кыргыз тилинин грамматикасына аябай окшош. Ошол үчүн да аз убакыттын ичинде үйрөнүп кеттим окшойт. Алгач хирагана жана катакана алфавиттерин үйрөндүм. Бул эки жазуу системасын үйрөнүү жапон тилинин негизин түзөт. Андан соң диалогго басым жасадым. Азыркы учурда иероглифтерди жаттаганча жапон тилин билүү деңгээлимди дагы жогорулатып жатам.
Биринчи жолу Жапонияга келгенимде тилди жакшы билбейт болчумун. Бирок тартынбай түшүнбөгөндөрүмдү кесиптештеримден сурап, такыр болбой жаткан учурларда сүрөтүн тартып же мимика, жесттер менен түшүндүрүп жаттым. Ошентип бир жарым жыл ичинде кеңири баарлашып калдым.
Тил үйрөнгүсү келгендерге алгач максатыңызды коюңуз, мотивация издеңиз. Анан көп диалог куруп, жаңы сөздөрдү жаттаңыз деп кеңеш берет элем. Тил үйрөнүүдө туруктуулук жана практика негизги фактор болуп эсептелерине өзүм ынандым.
- Инстаграмдагы баракчаңызды карасам ал жакта комуз чертип, кыргыз бийин бийлеп, жергиликтүү элге да бий үйрөтүп жатыпсыз. Ошол тууралуу айта кетсеңиз.
- Мен бул жакта кыргыз диаспорасынын активдүү мүчөсүмүн. Дүйнөлүк деңгээлде өтүп жаткан көргөзмөлөрдө (экспо) өзүбүздүн маданиятыбызды таанытууга, жайылтууга аракет кылам. Ошол жакта кара жорго бийин бийлегенимде жергиликтүү эл кызыгып, бизге да үйрөтчү деп суранышкан болчу.
Учурда Жапониянын Осака шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк ЭКСПО-2025 көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильонунда ыктыярчы болуп жүрөм. Бул көргөзмө ушул жылдын 13-апрелинен 13-октябрына чейин болот. Анда биздин павильон экотуризм, жаңылануучу энергия булактары, маалыматтык технологиялар сыяктуу тармактарды чагылдырат. Башкача айтканда, биздин павильон – улуттук салттарды жана заманбап технологияларды айкалыштырган уникалдуу мейкиндик. Ал жерде кыргыз элинин маданияты, кол өнөрчүлүгү жана жаратылышы көрсөтүлүп турат.
Бул иш-чарада мен өлкөбүздү таанытып, маданиятыбызды жайылтуу максатында комуз чертип, улуттук бийлерди бийлейм. Биздин маданиятты, салт-санаабызды жана улуттук баалуулуктарыбызды дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүк болуп жатканы мен үчүн чоң сыймык.
Менин бийлеген бийим көрүүчүлөргө абдан жагып, Жапониянын алдыңкы телеканалдарынын бири түз эфирге чакырышты. Жакын арада жапон гезиттеринин биринде мага арналган кыскача макала жарык көрөт. Алар менден интервью алып, сүрөткө тартып кетишти. Учурда жапон журналисттери байма-бай байланышка чыгып, интервью алып макала жазуу сунуштарын сунуштап жатышат. 25-мартта да дагы бир телеканал биздин павильонго келип тартып, ошол жерден түз эфирге чыгышты. Мен анда кыргыз бийин бийлеп бердим.
- Баракелде! Маданиятыбызды таанытканга активдүү салымыңызды кошуп жатканыңызды бааладым. Алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз.
- Алдыдагы максаттарымдын бири – кыргыз маданиятын Жапонияда жана дагы башка өлкөлөрдө кеңири жайылтуу. Бул үчүн маданий иш-чараларды уюштуруу, мастер-класстарды өткөрүү жана өзүбүздүн кол өнөрчүлүктү жайылтуу пландарым бар.
Ошондой эле Жапониядагы кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташып, жаштарга колдоо көрсөтүү. Маданиятыбызды таанытып, жергиликтүү элдин маданиятынан пайдалуу нерселерди өзүбүзгө сиңирип алуу менен коомубуздун биримдигине жана өнүгүүсүнө салым кошсом дейм.
Мындан тышкары Кыргызстандын продукцияларын Жапония рыногуна чыгаруу боюнча иш алып барып, биздин өлкөнүн экономикалык потенциалына да салым кошуу максатым бар.
- Сонун максаттарыңыз бар экен ишке ашуусуна тилектешмин! Жергиликтүү элдин кандай өзгөчөлүктөрүн байкадыңыз?
- Жергиликтүү элдин сылык жана урматтоо менен мамиле кылганын байкадым. Күнүмдүк турмушта да сылык сөздөрүн колдонуп сүйлөшөт. Дагы байкаганым, тактык жана жоопкерчиликке маани беришкени. Жапон эли убакытка так жана кылып жаткан ар бир жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Ошондой эле жөнөкөй келишет. Жөнөкөйлүк жапондорду сүрөттөөчү эң негиги сөз десем жаңылышпасам керек. Анткени алар өздөрүнүн жетишкендиктерин эч мактанышпайт. Кызмат көрсөтүү тармагында иштегеним үчүн бул сапаттарын байкоого жакшы эле мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мага эң жакканы алардын – жылуу мамилеси.
- Бош убакытыңызда эмне менен алек болосуз?
- Жакын жайгашкан шаарларга саякатка чыгып турам. Мисалы, Хирошима, Вакаяма, Токио, Нагоя, Канагава, Киото, Нара сыяктуу шаарларда болдум жана мүмкүнчүлүк болсо дагы башка шаарларын көргүм келет.
Ошондой эле ден соолукка пайдасы бар, эс алдыруучу процедураларга барам. Уктап эс алып алууга да аракет кылам. Анткени жумуш, андан сырткары көргөзмөдө ыктыярчы болуп жүрүп бир аз чарчап калам.
Гитара черткенди жакшы көрөм. Эс алуу күндөрү жаңы аккорддорду үйрөнүп, музыкалык жөндөмүмдү өнүктүрүүгө аракет кылам.
Кээде жөн эле сыртка чыгып сейилдеп, табияттан ырахат алам.
- Эң сонун! Ал өлкө сизге эмнелерди үйрөттү?
- Жапония мага сабырдуулукту, тактыкты жана жоопкерчиликти үйрөттү. Ар бир майда-барат нерселерге көңүл буруу, тартип жана эмгекчилдик – бул жакта өзгөчө бааланат. Ошондой эле, адамдарга сылык мамиле кылууну, убакытты баалоону жана команда менен иштөө маанилүүлүгүн терең түшүндүм. Бул сапаттар менин жеке жана кесиптик өсүшүмө чоң таасирин тийгизгенин туюп турам.
- Гүлдаана, убактыңызды бөлүп, биз менен кызыктуу маек курганыңызга ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз жана элибиздин атын алыска таанытып жүрө бериңиз демекчибиз.