Дональд Трамп бул ирет дагы 100 күндүк башкаруусун эң төмөн рейтинг менен жыйынтыктады

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн экинчи мөөнөтүндөгү алгачкы 100 күндүн жыйынтыгы боюнча соңку 80 жылдагы эң төмөн рейтингди алды. Бул тууралуу ABC телеканалы, The Washington Post басылмасы жана Ipsos социологиялык кызматы биргелешип жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, мурунку эң төмөн көрсөткүч дагы Трампка таандык болуп, 2017-жылы катталган эле. Анда биринчи мөөнөтүнүн алгачкы 100 күнүндө Трамптын колдоо рейтинги 42 пайыз болгон жана ал кезде да эң төмөнкү көрсөткүч катары бааланган. Бирок азыркы төмөн рейтингге карабастан, сурамжылоого катышкандардын 37 пайызы Трампты Конгресстеги демократтарга караганда натыйжалуу лидер деп эсептешет. Демократтарды 30 пайызы колдосо, дагы 30 пайызы эки тарапка тең ишеним көрсөтпөйт. Ал эми 4 пайызы гана Трампка да, Конгресске да ишенет. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 55 пайызы анын ишине нааразы экенин билдиришкен.

Сурамжылоонун жыйынтыгында төмөнкүдөй маалыматтар белгиленди:

  • 72 пайыз америкалыктар жакынкы убакта рецессия болот деп күтүшүүдө жана аны Трамптын экономикалык саясаты менен байланыштырышууда;
  • 73 пайызы учурдагы экономикалык абалды кризистик деп баалашууда;
  • 53 пайызы январь 2025-жылдагы инаугурациядан бери абал начарлаганын айтышкан;
  • 71 пайызы Трамптын бажы төлөмдөрү инфляциянын өсүшүнө себеп болуп жатканын белгилешкен.

Мындан тышкары:

  • 67 пайызы туулган жерде жарандык берүү укугун жокко чыгарууга каршы;
  • 58 пайызы мамлекеттик кызматкерлерди кыскартууга (DOGE) каршы экенин билдиришкен;
  • 56 пайызы Трамп өз ыйгарым укуктарынан аша чабууда деп эсептешет;
  • 46 пайызы анын Орусияга болгон саясатын "өтө жумшак" деп сыпатташат.

Буга карабай, америкалыктар өлкөнүн негизги көйгөйлөрүн чечүүдө Трампка демократтарга караганда көбүрөөк ишеним көрсөтүшүүдө.

"22-апрелде жарыяланган Ipsos жана Reuters жүргүзгөн башка бир сурамжылоонун жыйынтыгында дагы Трамптын ишмердүүлүгүнө болгон колдоо эң төмөнкү деңгээлге түшкөнү маалым болду. Бул изилдөөгө ылайык, республикачыл президенттин саясатын 42 пайызы гана колдосо, 53 пайызы анын аракеттерине каршы экенин билдирген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан