УКМК пакистандык жаран кармалганын маалымдады (видео)

Кыргызстанга кирүү үчүн жасалма визаларды даярдап келген делип пакистандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал шериктери менен бирге 100дөн ашуун жасалма электрондук визаларды даярдаган. Шектүү жасалма визаларды өз мекендештерине сунуштап келген.

"Шектүү делген М.Т. Пакистандын дагы бир жараны М.А.га эки электрондук визаны (2 айлык мөөнөткө) 150 долларга тариздөөнү, ошондой эле бирдик үчүн 1 миң 700 доллар баасында жалпы суммасы 6 миң 800 долларга кошумча төрт жылдык визаны тариздөөнү сунуштаган. М.Т.нын талабы боюнча аванс катары ага 4 миң 400 сом которулган", - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат ал 87 миң 400 сом өлчөмүндө талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жатканда колго түшүрүлүп, камакка алынганын белгиледи. Учурда буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан