Дүйнөгө аты чыккан актёрлор Кыргызстанга келишти. Кантип? (видео)

Дүйнөгө аты чыккан, белгилүү актёр, актрисалар, ырчылар, спортчулар жасалма интеллект аркылуу Кыргызстанга келип кетти.

Улан аттуу социалдык баракчанын колдонуучусу Анжелина Жоли, Леонардо Ди Каприо, Сильвестр Сталлоне, Жеки Чан сыяктуу дүйнөлүк кино жылдыздарына, Билли Айлиш сыяктуу ырчыларга, боксчу Майк Тайсонго кыргыздын улуттук кийимдерин кийгизип, ар кайсы образ менен чагылдырган. Ошондой эле патриоттук сезимдеги билдирүүлөрдү калтырган.

"Кыргыз ырларын укканда жүрөк элжиреп, жан дүйнөбүз дагы бир жолу мекенди, элди сүйүүгө толот. Кыргыздын ырынын маанисин тил эмес, жүрөк чечет. Жүрөк кыргыз болсо гана түшүнөт", - деген билдирүүсүнүн биринде.

Ал эми экинчисинде: "Мен Голливуд жылдыздарынын Кыргызстанга келүү кыялын орундатып, нукура кыргыз жашоосу менен тааныштырдым. Жайлообуздун абасын жыттап, комуз чертип, боз үйдө отуруп, кыргыз элинин салтын жана меймандостугун өз көздөрү менен көрүштү", - деп калтырган.

1
2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан