Өлкөдө 1-апрелге карата 14 миң 609 адамдан ВИЧ инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алардын 13 миң 743ү Кыргызстандын, калган 866сы чет өлкөнүн жарандары. Анын 3618и каза болгон.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө 12 миңге жакын ВИЧ инфекциясын алып жүргөндөр жашайт. Учурда 82 пайызын аныктадык. Быйылкы жылы 815 миң анализ жасап, 1053 адамды аныктадык. Региондор боюнча биринчи орунда Бишкек шаары турат. Андан кийин Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустары", - деди ал.
Чокморова катталгандардын 61,8 пайызы ВИЧти жыныстык жол менен, 31 пайызы парентералдык, 2,4 пайызы энеден балага берилчү жол аркылуу жуктурганын, ал эми 4,4 пайызы кандай жол менен жуктурганы аныкталбаганын белгиледи. Ал жаш курагы боюнча 61 пайызы 20 жаштан 39 жашка чейинкилер экенин кошумчалады.