Синоптиктер билдиргендей, эртең, 29-апрелде республиканын дээрлик көпчүлүк аймактарында күн ачык болот.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15... +20, күндүз +30 ... +35;
Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +25... +30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13... +18, күндүз +30... +35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6... +11, күндүз +21 ... +26;
Нарын дубанында түнкүсүн +4 ... +9; күндүз +23... +28;
Бишкекте түнкүсүн +18... +20, күндүз +32... +34 градус болот.