УКМК милиция кызматкерлерин жана жарандык активисттерди кемсинткен бажы кызматкери менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн, 28-апрелде билдирүү таратты.
Ага ылайык, 28-апрелге караган түнү Бишкек ШИИББнин Кайгуул кызмат башкармалыгынын инспекторлорунун, Ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана жарандык активисттердин катышуусунда рейд жүргүзүлгөн.
Анда оюн-зоок жайларынын биринин кире беришинде белгиленген унааны токтоткон учурда айдоочу инспекторлордун талаптарына баш ийбей, качып кетүүгө аракет жасаган. Айдоочунун мас абалында болгондугу аныкталып, ага карата тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Унаанын ичинде айдоочу менен кошо жүргүнчү болгон. Ал дагы мас абалында болуп милиция кызматкерлерине жана жарандык активисттерге карата өтө агрессивдүү мамиле жасап, өзүн офицер катары тааныштырып, ар түрдүү кызматтык байланыштарын айтып ызы-чуу чыгарган.
"Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында өзүн агрессивдүү алып жүргөн жарандын аты-жөнү такталып, ал Мамлекеттик Бажы кызматынын кызматкери К.А.А.экендиги аныкталган. Ал мамлекеттик органдын кызматкери болуп туруп, мамлекеттик кызматчынын жүрүм-турум нормаларын жана этикасын одоно түрдө бузуп, өзүнүн иш-аракеттери менен мамлекеттик бийлик органдарынын беделин түшүргөн. Бул көрүнүштөр коомчулукта терс пикирлерди жаратты.
Буга байланыштуу УКМК тарабынан К.А.А. менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүп, ал өз иш-аракеттеринин туура эместигин мойнуна алып, кечирим сурады", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга удаа Бажы кызматы тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында К.А.А. нын туура эмес жүрүм-турумун эске алуу менен мамлекеттик органдардын беделин түшүрүү беренеси боюнча Бажы органдарынын катарынан бошотулду.