Испания менен Португалиянын бир катар аймактары электр жарыксыз калды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат агенттиктери жазышууда.
Маалым болгондой, бүгүн, 28-апрелде түштөн кийин Испаниянын көптөгөн аймактарында жүздөгөн ишканаларда жана үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлдү.
Электр жырыгын өчүрүүлөр Мадрид, Барселона, Валенсия, Ла-Корунья, Севилья жана башка шаарларда байкалган. Мадрид-Барахас эл аралык аэропортунда иш үзгүлтүккө учураган. Кээ бир шаарларда жол чырактар иштебей калып, транспорт кыймылы токтогон.
Учурда Испания өкмөтү жагдайдын себептерин иликтөөдө. Өкмөт премьер-министр Педро Санчестин катышуусунда кризистик комитет түздү.
laSexta телеканалынын маалыматына ылайык, электр энергиясындагы үзгүлтүктөр Португалиянын аймагына да таасирин тийгизген. Учурда анын себептери тактала элек, бул маселени бийлик өкүлдөрү жана энергетикалык компаниялар иликтеп жатышат.