
Ош облусунун аймагында жарандарга өлкөнүн дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ага милициянын, УКМК жана дин кызматкерлери катышууда.
Облустук милиция маалымдагандай, мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүргөн жарандарга Укук бузуулар кодексине ылайык, жеке жактарга 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
"Жарандар тарабынан медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүргөн жарандарга Укук бузуулар кодексине ылайык, жеке жактарга 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга жогоруда айтылган жагдайлар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү гана берилүүдө.