УКМК аткаминер менен ишкерди кармады 

Этил спиртин, алкоголдук продукцияны көзөмөлдөө агенттигинин директору жана "Нур&Ай Компани" ЖЧКсынын ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, ишкер аткаминердин көмөгү менен 2023-жылы Кара-Балта спирт заводунан акциз төлөбөй спирт алуу укугуна ээ болгон. Андан соң аталган компания спиртти айтылган максатта колдонбой Бишкек менен Чүйдөгү жеке жактарга сатып турган. Ишкер аткаминерге көрсөткөн көмөгү үчүн акчалай сыйлык берген.

Атайын кызмат шектүүлөр камакка алынганын белгиледи. Ошондой эле УКМК мунун айынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин жана коррупциялык схемага тиешеси барлар аныкталып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан