28-апрелден 1-майга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында уюштурулган билим берүү боюнча достук чемпиондугуна Кыргызстандын курама командасы да катышууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарада өлкө намысын коргоого баргандар "Маалыматтык технологиялар" жана "Ширетүү технологиялары" компетенцияларында күч сынашууда. Бул чемпиондук жаштардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди бекемдөөгө багытталган.
"Ошондой эле чемпиондуктун уюштурулушуна расмий өнөктөштөр жана демөөрчүлөр – ESAB компаниясы, "Европа" (Evropa) мейманканасы жана Текстилди өнүктүрүү борбору чоң салым кошту", - деп айтылат билдирүүдө.