Алдыдагы айларда депутаттар жыйындарды мурунку өкмөт үйүндө өткөрөт 

Жогорку Кеңештин жалпы жыйындары май-июнь айларында мурунку өкмөт үйүндө өтөт.

Парламенттин маалымат кызматы мындай чечим Ак үйдүн жыйындар өтүүчү залын оңдоо иштерине байланыштуу кабыл алынганын белгиледи. Жаңылоо иштери Корея мамлекети тарабынан кайтарымсыз негизде каржыланат.

Маалыматта депутаттардын мурунку өкмөт үйүндө боло турчу жыйындарына каттоодон өткөн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тоскоолдуксуз кире алары кошумчаланды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын чоң жыйындар залы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылары айтылган.

29.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан