Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенип келген делип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери шектүүнү Карл Маркс менен Субанбердиев көчөлөрүнүн кесилишинен колго түшүрүшкөн. Анын жанынан жалпы салмагы 6 килограмм 776 граммды түзгөн гашиш табылган. Баңгизаттардын наркы 18 миллион 960 миң сом деп бааланган.
Ал баңгизаттарды Telegram мессенжери аркылуу алып, кайра аларды жашыруун жерлерге катып жүргөнүн айткан. Шектүү бул үчүн чоң өлчөмдөгү маяна алып турган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ал камакка алынып, тергөө иштери уланууда.