Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын күнү майрамдалып жатат. Бул күн 1878-жылы Пишпекке (азыркы Бишкек) шаар макамы берилген күндү эскерүү максатында белгиленет. Шаар күнү жыл сайын ушул күнү белгиленип, борбор калаанын тарыхын жана өнүгүүсүн эскерүү үчүн ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Быйыл борбор калаабызга 147 жыл толду.
Бишкек – Кыргызстандын эң ири шаары жана деңиз деңгээлинен 700-900 метр бийиктикте жайгашкан. Учурда болжол менен 1 миллион 200 миңге жакын жашоочуларды кучагына алган Бишкектин аймагы байыртадан эле адамдар отурукташкан жер болгон. Анда калаабыздын тарыхына кыскача көз чаптыралы.
Бишкек шаарынын тарыхы бай жана кызыктуу. Алгач 1825-жылы Кокон хандыгы бул аймакка Пишпек чебин курган. Бирок жергиликтүү солто уруусунун Байтик баатыры чепти бир нече жолу басып алууга аракет кылган. 1860-жылдардын башында болсо, орус аскерлери Пишпекти басып алышкан.
19-кылымдын аягында Пишпекте алгачкы ишканалар жана маданий мекемелер пайда болгон. 1924-жылы шаар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, 1926-жылы Кыргыз АССРинин борбору болуп жарыяланган. Ошол жылдары Пишпек шаары Фрунзе деп аталган.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болушу менен 1991-жылы кайра Бишкек деген байыркы аты кайтарылган.
Бишкек шаарынын символу болгон Бишкек Кенен уулунун эстелиги калаабыздын так ортосуна 2021-жылы орнотулду. Ошондой эле анын урматына "Бишкек баатыр" медалы да негизделген. Бул медаль шаардын өнүгүшүнө салым кошкондорго ыйгарылат.
Бүгүнкү күндө шаарыбыз – Кыргызстандын саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору. Шаар кеңейип, жаңы конуштар кошулду, калктын саны өстү. Калаабызда опера жана балет театры, филармония, улуттук музейлер жана китепканалар жайгашкан. Шаар советтик архитектура менен заманбап стилдердин айкалышын чагылдырат. Алсак, акыркы жылдары бийик имараттар, турак жайлар көп курулуп, өнүгүүнүн жолунда.
"Ала-Тоо" аянты, Манастын жана Лениндин эстелиги шаардагы белгилүү архитектуралык объектилерден болуп саналат.
Ошондой эле шаарда мамлекеттик мекемелер, университеттер, бизнес борборлор жана соода түйүндөрү жайгашкан. Шаардын транспорттук системасы автобустарды жана маршруттук таксилерди камтыйт.
Илгертен Бишкек жашыл шаар катары белгилүү. Борбордо көптөгөн парктар, бульварлар жана скверлер бар. Акыркы кездерде да эс алуучу, сейилдөөчү парктар курулууда. Шаардын четинде жайгашкан Ала-Арча улуттук паркы шаардыктар жана туристтер үчүн популярдуу эс алуу жайы болуп саналат.
Борборубуздун түзүлгөн жылынан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы мына ушундай ары кызыктуу, ары узак жолду камтыйт.
Шаар күнүнүн урматына уюштурулган бүгүнкү иш-чаралар
Бүгүн шаар күнүнө карата Бишкек баатырдын эстелигинин жанында иш-чара уюштурулуп, ага мэр Айбек Жунушалиев, шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев, ардактуу коноктор жана райондордун активисттери катышты.
Анда театралдаштырылган пролог коюлуп, муниципиалитеттин негизги жетишкендиктери жана быйылкы жылга коюлган пландары тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.
Шаардын жетекчиси сөз сүйлөп, иш-чаранын конокторун шаар күнү менен куттуктады.
"Бишкектин өзгөчө сыймыгы – бул анын даңктуу эли. Бул шаарда улуу инсандарыбыздын дүйнөгө атагы чыккан иштери жасалган. Чыгармачылыгы дүйнөнүн 170 тилине которулган Чыңгыз Айтматов, мекендин кооздугун даңазалаган Аалы Токомбаев, улуттук музыкабыздын алтын казынасын түптөгөн Абдылас Малдыбаев – булар жана башка көптөгөн инсандар биздин руханий жана маданий мурастын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Шаарды өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жаткан ар бир тургундун эмгеги баа жеткис. Дал ошолордун талыкпаган аракети менен калаабыз өнүгүп жатат", – деди Айбек Жунушалиев.
Ошондой эле Бишкек баатырдын тукумдарынан чыккан академик, техникалык илимдердин доктору, профессор Карыпбек Алымкулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, "Бишкек баатыр" төш белгиси менен сыйланды.
Шаарды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана үзүрлүү иши үчүн советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмери, "Кыргызстандын дипломаттары" коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы Жаңыл Түмөнбаевага Бишкек мэриясынын кол сааты тапшырылды.
Бишкек мэриясынын күмүш белгисине Жогорку Кеңештин депутаты Бахридин Шабазов жана №4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Айнагүл Керимкулова ээ болушту.
Мындан тышкары мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Иш-чара концерттик программа менен уланды.
Эске салсак, 26-27-апрель күндөрү "Ала-Тоо" аянтында шаар күнүнө карата масштабдуу иш-чара уюштурулган.