Бүгүн, 29-апрелде Кызыл-Кыя шаарында жаңы сатылып алынган 10 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалым болгондой, 740 миң долларга бааланган автобустар Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу лизингге алынган. Анын 20 миллион сому Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып мамлекеттик казынадан бөлүнгөн 500 миллион сомдун эсебинен каржыланган. Мунун алкагында "Кызыл-Кыя шаардык унаа" муниципалдык ишканасында дагы кошумча 18 жумуш оруну түзүлгөн.
Облус бийлиги коомдук транспорттор япон технологиясы менен жасалып, Өзбекстанда куралганын белгиледи. Алынган автобустарда заманга ылайык, бардык шарттар бар.