Баткенде жаңы шифер заводу курулууда (фото)

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында “Партнер шифер” жоопкерчилиги чектелген коомунун шифер чыгаруучу заводунун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, ишкананын курулушуна жергиликтүү төрт ишкер өнөктөштүктө 70 миллион сом инвестиция салууда. Ишканада бир жыл ичинде 2 миллион даана асбестцемент шифер өндүрүү пландаштырылууда. Суткасына 3000 даана шифер чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Жалпы 70тен 100гө чейин жаңы иш оруну түзүлүүсү күтүлүүдɵ.
Даяр өндүрүлгөн продукцияны алгач ички рынокто сатуу максатталган. Шифер заводу быйыл Баткен облусунда ачылуусу пландалган 13 ири өндүрүш ишканасынын бири.
Кошумчалангандай, үстүбүздөгү жылдын июнь айында курулушу аяктап, алгачкы продукциясын чыгаруу алдында турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан