Непал Эверестке чыгуу эрежелерин катаалдаштырып, жаңы талаптарды бекитет

Непал альпинизим багытында жаңы мыйзам долбоорун карап жатат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, жаңы мыйзам долбоору, альпинисттердин ашыкча келүүсүн азайтып, коопсуздукту жакшыртууга багытталган.

"Непал 8849 метрлик чокуга чыгууга өтө көп альпинисттерге, анын ичинде тажрыйбасы жокторго да уруксат бергендиги үчүн сынга калды. Бул көбүнчө табигый кычкылтек жетишсиз болгон аймакта альпинисттердин узун кезегин жаратууда. Тоодо каза болгондордун санынын өсүшүнө альпинисттердин көптүгү себеп. 2023-жылы Непал 478 уруксат кагазын берип, Эвересттин боорунда кеминде 12 альпинист каза болгон. Ал эми дагы бешөө дайынсыз жоголгон. Былтыр сегиз альпинист каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Сунушталган мыйзамга ылайык, альпинистке Эверестке чыгууга уруксат Непалдагы 7000 метрлик бир тоого чыгып, далилдегенден кийин гана берилет. Ошондой эле сардар, башкача айтканда, альпинистти коштогон тоо гиди дагы Непалдын жарандары болушу керек.

Мыйзам долбоору парламенттин жогорку палатасы болгон Улуттук ассамблеяда каттоодон өткөн.

Бул арада эл аралык экспедиция операторлору Непалга Эверестке чыгуу үчүн уруксатты каалаган 7000 метрлик чокуларды багындырган адамдарга берүүнү сунушташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан