Эртең, 30-апрелде Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарында күн бүркөк болот. Абанын температурасы түнкүсүн +14... +16, күндүз +24... +26 градус болот.
Аймактарда абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11 ... +16, күндүз +22 ... +27;
Талас жергесинде түнкүсүн +8 ... +13, күндүз +21... +26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14... +19, күндүз +26... +31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +20 ... +25;
Нарын дубанында түнкүсүн +5 ... +10; күндүз +22... +27.