Латвия Украинага 1500 согуштук учкучсуз учактарды жеткирди

Латвиянын өкмөтү Украинанын Куралдуу күчтөрүнө 1500 согуштук учкучсуз учактарды жөнөттү. Бул тууралуу 29-апрелде республиканын коргоо министри Андрис Спрудс билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Дагы 1500 даана согуштук учкучсуз учак Латвиядан Украинаны көздөй баратат", - деп жазган ал өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасына.

Спрудс кошумчалагандай, 2025-жылдын биринчи жарымында эки латвиялык компания Украинанын Куралдуу күчтөрүнө дагы 12 миң учкучсуз учак жиберет.

Кошумчалангандай, 22-апрелде Улуу Британия Украинага учкучсуз учуучу аппараттарды жеткирүү боюнча 40,1 миллион долларлык келишимге кол койгон. Тиешелүү документтер Жаңы Зеландия менен кызматташуунун алкагында түзүлгөнү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан