Милиция кызматкерлерине кызматтык батирди менчикке өткөрүп алуу укугу берилди

Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлерине байланыштуу кызматтык батирлерди менчикке өткөрүп берүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул жөнүндө ИИМ бүгүн, 29-апрелде маалымдады.
Документке ылайык, эми 20 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар кызматкерлер, же каза тапкан кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү батирди түз сатуу жолу менен менчикке өткөрүп алса болот.
Мындан тышкары, «КР ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамга да өзгөртүү кирди. Ага ылайык, пенсияга чыккан, ден соолугуна байланыштуу же штат кыскартуудан улам кызматтан бошотулган кызматкерлерге, ошондой эле кызмат учурунда каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө батир акысыз берилет.
Мыйзам 9-майдан тарта күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан