АКШда Дональд Трамп бийликке келгенден кийин Мексикага 38 757 адам кайтарылды. Алардын көбү мексикалык жарандар. Бул тууралуу өлкө президенти Клаудия Шейнбаум маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Президент Трамп бийликке келгенден бери 38 757 адам кайтарылды. Алардын ичинен 33 311и мексикалыктар, ал эми 5 446сы башка өлкөлөрдүн жарандары", — деди Шейнбаум.
Президенттин айтымында, Түндүк чек ара аркылуу Мексикага келген чет өлкөлүктөрдүн көбү мекенине кайтууга ыктыярдуу түрдө макул болушат. Эгерде алар үйүнө кайткысы келсе, аларга ар түрдүү мүмкүнчүлүктөр сунушталат. Алар өз өлкөлөрү уюштурган авиакаттамдар аркылуу же айрым учурларда Мексиканын Аскер-аба күчтөрүнүн учактары менен коштоп жөнөтүлөт.
АКШ мексикалык жарандарды түз депортациялоо боюнча бир катар өлкөлөр менен келишимдерди түзгөндүктөн, Мексикага депортацияланган адамдардын негизги бөлүгүн мексикалыктар түзөт. Кайтарылган мексикалыктарды ташыган каттам көбүнчө Табаско штатындагы Вильяэрмоса шаарына, Чиапас штатындагы Тапачула шаарына жана Мехикодогу Фелипе Анхелес атындагы аскер-аба базасына келет.