Исламабадда Индиянын Пакистанга 24-36 сааттын ичинде сокку уруу ниети тууралуу маалымат бар. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат министри Аттаулла Тарар X социалдык тармагында билдирди.
"Пакистан Индия Пахалгамдагы окуяны шылтоо катары колдонуп, жакынкы 24-36 сааттын ичинде аскерий сокку урууга ниеттенип жатканы тууралуу ишенимдүү маалыматка ээ", - деп жазган ал.
Ошондой эле ал Пакистан Индия кандай аракет кылбасын сөзсүз жообун берерин кошумчалаган.
Кашмирде 27 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуудан кийин өзөктүк куралы бар атаандаштар Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу күчөгөн. Индия Пакистандын өлкөдөгү элчиликтеринин санын кыскарткан, ал эми Пакистан өз кезегинде Индия менен бардык соодасын токтоткон.
Эске салсак, 23-апрелде Кашмирдеги Пахалгам шаарында туристтерге ок атылып, 27 адам каза болуп, ондогон адам жарадар болгон. Бул аймак Индия тарабынан көзөмөлдөнөт, бирок Пакистан ага көптөн бери доомат кылып келет.