Ала-Арчада туристттерди ташыган электромобилдин аккумулятору өчүп калды (видео)

Ала-Арча сейил багында туристтерди ташып бара жаткан электромобилдин аккумулятору өчүп калган. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Андагы маалыматка караганда, туристтер эс алуу үчүн Ала-Арчага барышып, кире бериште аларды электромобиль тосуп алып, бир аз жүргөндөн кийин токтоп калган. Туристтер башка электромобилге отургандан кийин анын дагы аккумулятору өчүп калган. Натыйжада туристтер үчүн үчүнчү унаа жөнөтүлүп, эс алуучу жайга жеткирилген.

Эскерте кетсек, эртең, 1-майдан тартып парк аймагына бир гана электромобилдерге уруксат берилет. Дизель, бензин жана газ менен жүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат.

Ала-Арчада туристттерди ташыган электромобилдин аккумулятору өчүп калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан