Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өлкөдөгү базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында борбор калаанын ишкер чөйрөсү менен кызматташуу маселелери, ошондой эле май майрамдарына карата даярдык талкууланды.
Ишкерлердин кайрылуусунун негизинде калаа башчы Айбек Жунушалиев Панфилов атындагы сейил багын май айындагы майрамдарга карата убактылуу ачууну тапшырды. Парк администрациясына үч айлык мөөнөткө иштөөгө уруксат берилди.
Бирок мэрия тарабынан так талаптар коюлду: парктын аймагындагы бардык аттракциондор техникалык коопсуздук нормаларына жооп бериши, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүшү жана санитардык эрежелер толук сакталышы шарт.
Эске салсак, буга чейин Панфилов паркындагы аттракциондордон улам эки жолу кырсык катталган. Шаардык кызматтар тарабынан бир нече жолу эскертүүлөр берилгенден кийин Бишкек шаарынын мэриясы "Детские развлечения" ЖЧКсы менен түзүлгөн ижара келишимин бузган.