Трамп Орусия эмне үчүн бүт Украинага басып кирбей турганын түшүндүрдү

Кечээ, 29-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин аны сыйлагандыктан, Украинаны басып албай турганын билдирген. Бул тууралуу Трамп жергиликтүү басылмаларга маек берип жатып айткан.

"Менин оюм боюнча айтсак, Владимир Путин мени сыйлайт. Мен ишенем, ал мен үчүн, анын чечими басып алуу болуп турса дагы, Украинаны басып албайт", - деген Трамп.

Ошондой эле Трамп Украина менен тынчтык келешимин түзүү боюнча маселени Путин кечеңдетип жатканын билдирген.

Айта кетсек, Путин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата ок атышууну убактылуу токтотууну жарыялаган. Буга байланыштуу орус армиясы 7синен 8-майга караган түнү Москва убактысы боюнча саат 00:00дөн 10нан 11-майга караган түнү саат 00:00гө чейин бардык аскердик операцияларын токтотот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан