Өлкөдө ирригация тармагына казынадан бөлүнгөн каражаттын суммасы айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында ирригация тармагындагы бир катар ири долбоорлордун жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, көчмө жыйын учурунда Сузак жана Ноокен райондорундагы ирригациялык системалардын, анын ичинде Чоң-Ноокен каналынын учурдагы абалы текшерилип, аймактагы көйгөйлөр жеринен талкууланды.

Төрөбаев 2025-жылы ирригация тармагын өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен 5 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи. Бул каражаттын негизинде 10 ири инвестициялык долбоор ишке ашырыларын маалымдады. Ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эгин айдоо түзүмүн кайра кароо, сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды кеңири киргизүү зарылдыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан