Кыргызстандын аймагында соңку суткада 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында – 5,
Ош облусунда – 1,
Чүй облусунда – 5,
Баткен облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 1,
Нарын облусунда – 1 өрт кырсыгы болду.
Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгондугу маалыматта кошумчаланган.