Кыргыз-тажик чек арасында танкага каршы аңдар казылат

Кыргыз-тажик чек арасынын айрым тилкелеринде танкаларга каршы аңдар казылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалымдагандай, кечээ, 29-апрелде чек арага зым тартуу иштеринин башталышына чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев да катышкан. Ал аталган кызмат чек араны өнүктүрүү иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айткан.

Айта кетсек, УКМКнын маалымат кызматы Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жеринде, тагыраагы, Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталганын кабарлаган. Ага атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев онлайн форматта катышып, старт берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан