Кечээ, 29-апрелде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" кыздар лицейинин 8-классынын окуучулары менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда Каныкей Чыңгызова, Мунира Базлакунова жана Канзада Маташова министрге өздөрү иштеп чыккан "Стоп буллинг" аттуу уюлдук тиркемени тааныштырды. Министр окуучулардын демилгесин жогору баалап, тиркеменин актуалдуулугуна токтолду.
"Бул тиркемени Кыргызстандын бардык балдары колдоно алгыдай болушу керек. Кыргызча да, орусча да жеткиликтүү болушу зарыл. Тиркемеге кесиптик багыт берүү, министрлик тарабынан сунушталган акысыз курстар, квоталар жана жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу акысыз тесттер тууралуу маалыматтарды да киргизүүгө болот", - деди Догдуркүл Кендирбаева.
"Стоп буллинг" уюлдук тиркемесине төмөнкү функциялар киргизилген: