Жаз менен чогуу аллергиянын дагы сезону башталат эмеспи. Чүчкүрүп-бышкырып, мурун бүтүп, көздөр кызарып кычышып, айтор, адамды жүдөтөт. Адатта эрте гүлдөгөн чөптөр жана дарактар айтылуу аллергия оорусу менен жапа чеккендерге өзүнчө бир түйшүк жаратат.
Мурда аллергия сейрек кездешкен болсо, азыркы убакта көп тараган оорулардын бири. Акыркы маалыматтар боюнча, аллергия жаш балдар арасында да күч алууда.
Жалпылап айтканда, аллергия организмдин бөтөн заттарга сезимталдыгынан пайда болгон оору. Эгер адам организми иммунитет төмөн болсо, сезгич болуп, абанын, күндүн, чаң, кир, өсүмдүктөр, тамак-аштар, дары-дармектердин денеге терс таасир берүүсүнөн аллергия пайда болот. Өзгөчө жаз мезгилинде гүл, чөп, бак-дарактардын чаңдашуусунан келип чыккан аллергиялар өтө көп кездешет. Медицинада аллергиянын бул түрү жаз айларынан күзгө чейин созулгандыктан "мезгилдик поллиноз" деп аталат.
Аллергиядан кантип сактануу керек, аны катип жеңил өткөрүүгө болот? Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору Шайырбек Сулайманов айтып берди.
- Эң алгач аллергия оорусу жана анын түрлөрү тууралуу маалымат берсеңиз?
- Аллергиянын пайда болуусуна эки фактор таасир берет. Биринчиси, эгер ата-энесинин бири мурда аллергия менен ооруган болсо. Тактап айтсак, эгер баланын атасы мурун аллергиялык оору менен оруган болсо анда бала 80 пайыз , ал эми энеси ооруган болсо 50 пайызга болушу ыктымал. Ошондуктан кош бойлуу мезгилде аллергияга кабылбай, цитрус жемиштеринен баш тартып, аллергологдорго текшерүлүүсү керек.
Экинчиси, сырткы факторлордон улам келип чыгат. Аллерген организмге алгач түшкөн учурда иммунитетке таасир берип, андан улам ошол аллергенге сезимталдык күчөйт. Кийин бул аллергендин кайталануусунан улам аллергия оорусу пайда болот. Кеңири тараган аллергиялык түрлөр: бронх астма, анафилакциялык шок, поллиноздор, бөрү жатыш, дерматиттер, кан сары суу оорусу жана башкалар.
- Аллергиясы бар адамдар эмнелерди эске ала жүрүүсү маанилүү?
- Медицина өнүккөн заманда аллергияны эмдөөнүн түрлөрү изилденип келет. Аллергия жаш тандабайт. Козголгон аллергиянын реакциялык күчү да ар түрдүү болот. Аларга аллергендердин түрү менен көлөмү маанилүү эмес. Мезгилдик поллиноз оорусуна кабылгандар көбүнчө ооруну бир басып, кыска убакытка гана айыгып калуу жолун издешет. Ошондуктан бул оору менен кышкы убакта күрөшкөн оң.
Жогоруда айтылгандай, аллергия менен ооруган адам негизгиси жашылча жемиштер менен цитруска чектөө коюу керек. Андан сырткары шоколад, кофе, какао, кант, туздалган кытырак нандар (чипсы, кириешки) жана деңиз балыктары аллергияны күчөтөт. Суу, сүт азыктарын жана капустаны кунүмдүк рационго кошуп койсо жакшы. Аллергиядан зыян чеккен адамдар күн сайын жеген тамактарынын тизмектеп, эмне жакпайт, аны да жазып алуусу кажет.
Чөптөн жана тамакка гана эмес, курт-кумурскалар чаккан маалда да аллергия болот. Эгер мындай убакта өзүңүздө бетиңиз кызарып, териңиз кургап, мурундан суу куюлуп, көздөн жаш акса, анда тез арада дарыгерге баруу керек.