Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын орун басарлыгына "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынан Жылдыз Садырбаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү.
Жыйында анын талапкерлигин карай турган депутаттык комиссия да түзүлдү.
Буга чейин "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын квотасы менен парламенттин вице-спикери болгон Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын тапшырган.