Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры 2025-жылдын май айына карата спектаклдердин жаңыланган афишасын сунуштады. Репертуарда дүйнөлүк классикадан тартып кыргыз драматургиясына негизделген коюлмалар да бар.
Спектаклдердин май айындагы репертуары төмөнкүдөй:
- 2-3-май, саат 15:00 - "Андерсен жомоктору", Владимир Синакевич.
Режиссёр-коюучу – Казакстандын эл артисти Бекпулат Парманов.
- 4-май, саат 19:00 - "Мен - Эдит Пиаф" (моноспектакль), Нина Мазур.
Режиссёр-коюучу - Александр Панин (Орусия).
- 9-10-май, саат 19:00 - "Эсимде", Чыңгыз Айтматовдун "Жер Эне" повестинин негизинде.
Режиссёр-коюучу - Казакстандын эл артисти Бекпулат Парманов
- 11-май, саат 19:00 - "Мен - Эдит Пиаф", Нина Мазур.
Режиссёр-постановщик - Александр Панин (Орусия).
- 16-17-18-май, саат 19:00 - "Кош дегим келбейт", Александр Володиндин "Сүйгөнүңөр менен коштошпогула" чыгармасынын негизинде.
Режиссёр-коюучу - Уланмырза Карыпбаев.
- 23-24-25-май, саат 15:00 - "Андерсен жомоктору", Владимир Синакевич.
Режиссёр-коюучу - Казакстандын эл артисти Бекпулат Парманов.
- 30-31-май, саат 15:00 - "Чиполлино", Родари жомогунун негизинде, Аверьянов.
Режиссёр-коюучу - Казакстандын эл артисти Бекпулат Парманов.
Билеттер театрдын кассасында жана онлайн сатуу платформаларында жеткиликтүү.