ИИМ окуучулардын дааратканада сабалышы Казакстанда болгонун билдирди

Социалдык тармактарда тараган окуучулардын сабалышы боюнча видео коңшу Казакстанда тартылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
"Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча окуя Казакстан Республикасынын аймагында болгондугу аныкталды.
ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын текшерилбеген маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырабыз", - деп билдиришти ИИМден.
Буга чейин социалдык тармактарда окуучу балдарды дааратканага алып кирип, сабап жаткан видео тараган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан