Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева өлкөдө санариптештирүү начар жүрүп жатканын айтып, тиешелүү министрликтин ишин сынга алды.
"Эч кандай санариптештирүү жок. Ата-энелерде балдарын биринчи класска берүүдөгү кезек боюнча нааразычылыктар болуп жатат. Аны караган эч ким жок. Калкты тейлөө борборлорунун ишин качан жөнгө саласыңар? Бирдиктүү терезени качан иштеп чыгасыңар? Жаран бардык документтерди айыл өкмөттөн алышы керек. Ар бир мекемеде жүрүшөт самсаалап. Анан "ишибиз жакшы эле" дейсиңер.
Сиз (ред.: санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов) мамлекеттик кызматта жетекчи болуп иштебесеңиз, кантип жөнгө саласыз? Ишиңер өтө начар. "2" деген баа коё турган иш да", - деди Талиева.