Чет өлкөлөрдө иштеп, Кыргызстандын экономикасына, туризм багытына салым кошууну көздөп жаткан жаштардын күн санап өсүп жатканы баарын кубандырат.
Айрыкча өлкөбүздөгү кооздуктарды көрө билип, аларды чет элдиктерге сыймыктануу менен жеткирип жаткан жаштар коомчулуктун алкышына татыйт. Дегеним, SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги маектеши фотограф Арстанбек Тюлебаев болмокчу.
Ал “Мен үчүн кыргыз тили маанилүү, анткени – бул Кыргызстан” деп айткан түрк кызын коомчулукка тааныштырган фотограф. Бишкекте туулуп-өскөн жигит араб өлкөлөрүн кыдырып, сүрөт тартып, Кыргызстандын кооздугун тоолорун, жаратылышын көрсөтүп, өлкөбүзгө туристтерди тартууга жардам берип келет. Арстанбек мырза менен курган маекти сунуштайбыз.
– Дүйнө кезген кандай экен? Акыркы барган мамлекетиңиз кайсы болду?
– Ар бир адамга башка мамлекетке чыгуу өзүнчө бир адреналинди тартуулайт. Мен да чет мамлекетке чыкканда кээ бир учурда сабак алсам, кээ биринде өзүмө кубаныч тартуулайм. Өзгөчө сүрөт тарткандыктанбы, айтор, мага кооздук, имараттардын жайгашканы, ар бир буюмдун турганы башкача ойго жетелейт. Ошол эле учурда жанымдагылар кадимкидей эле көрүнүш катары кабыл алат.
Акыркы жарым жылда Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. Онлайн жумуш менен алектенгендиктен ар кайсы өлкөдө иштөө мен үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле фотографмын. Анан эң негизгиси Кыргызстан менен сыймыктанган патриотмун деп айта алам.
– Социалдык баракчаңыздан башка улуттарды сүрөткө тартып, ошол эле учурда Кыргызстан жөнүндө маалымат берип жатканыңызды көрүп калдым. Бул идея качан жаралды?
– Чет өлкөгө чыкканда башка улуттар менен достошосуң, баарлашасың. Анан Кыргызстан жөнүндө айта келсең эле көпчүлүк билбейт. Анан мага бир максат пайда болду. Көчөдөн эле сүрөткө тарткан адамдарга Кыргызстан жөнүндө айтып, жаратылыштын кооздугу тартылган белектерди (магнит, брилок) таратып, аларды биздин өлкөнү көрүп кетүүгө үндөй баштадым. Анан да мекенге болгон сагынуумду ошол жол менен жеңип жатам го деген ой да келди.
Мен учурда Кыргызстанга келдим. Эми кыска тасмаларды тартып, атайын блог алып барайын деп чечтим. Анткени башка өлкөлөрдүн биздин мекенибиз тууралуу эч нерсе билбегендиги намыстантты. Кыргызстан жөнүндө айтып, бөлүшөйүн деген аруу тилектер бар.
– Ушул эле суроону улай, “Бул жер Кыргызстан, кыргыз тили мен үчүн маанилүү” деген түрк кызын тарткан видеоңуз коомчулукта жылуу пикир калтырды. Сизде кандай сезим болду?
– Нооруз майрамында эски аянтта жүргөм. Басып баратып башка улуттун кызы өзгөчө кийинип алганын байкап, аны сүрөткө тартып алдым. Карасам сөйкөсү, тагынчактары улуттук колоритте. Анан сүрөтүн көрсөтөйүн деп жанына барсам эле кыргызча сүйлөп, таң калтырды.
Юсра айым менен таанышып, өзгөчө патриоттук сезим пайда болду. Кыргыз тилин башка улуттардын үйрөнүп, сүйлөп жатканы кубандырды. Жана да тил үйрөнүүгө сенден болгону аракет гана керек экендигине ынандым. Ниетти түздөп, ошол максаттын аркасына түшсөң, аз убакта өз жыйынтыгын берет экен. Стамбулдан келген Юсра айым кыргыз тилин 5 айда өздөштүрүптүр. Демек, бир нерсени үйрөнүүгө чек жок дегим келди. Анан да коомчулуктун кабыл алуусу өтө сонун болду. Бул да болсо кыргыз тилине кошкон салымым деп эсептейм. Анын видеосун көрүп, тил үйрөнүүгө багыт алгандар көп болду го дейм.
– Канча мамлекетте болдуңуз, сиз сыяктуу жаштарга эмне дейсиз?
– Мен Катар мамлекетин кыдырып, Доха шаарында жашадым. Андан соң Араб Эмирлигинде болдум. Абу-Даби жана Дубай шаарларында жашадым, иштедим. Фотографтык кесиптин арты менен дүйнө кезүүгө мүмкүнчүлүк жаралып, аны колдон чыгарбайын деген максат менен бардым. Жана да жашоонуну агымы жетеледи. Мындан тышкары коңшу жайгашкан мамлекеттерди кыдырып келдим. Келечек алдыда. Буюрса, Европа өлкөлөрүнө барып иштеп келүү, сүрөткө тартып, Кыргызстан жөнүндө жайылтуу ниетинде турам.
Ал эми жаштарга болсо тил, өнөр үйрөнгүлө демекчимин. Чет өлкөлөргө чыгып, дүйнө таанымыңарды кеңейткиле. Бишкекте дагы кооз жерлер көп, ар бир аймактын өзүнүн уникалдуу аймактары бар. Ошол жактарга барып эс алып, көрүп отуруп, чоң максаттар жаралат экен. Саякаттагыла, достор!
– Чет элге чыккан сайын дүйнө таанымың өзгөрөт дешет. Өзүңүздөн өзгөрүү байкай алдыңызбы?
– Чет өлкө чынында ой жүгүртүүңдү жана жашоого көз карашты өзгөртөт. “Эл эмне дейт?” дегендин айланасында жашабай калат экенсиң. Сага ыңгайлуу жагына оойсуң. Анан да тартынчаактык калат экен. Баары менен эле күлүп-жайнап, сүйлөшүп, таанышып кетүүнү үйрөнөт экенсиң. Менин учурумда мекенге болгон сый-урматты жогорулатты. Анан да чет өлкөгө барганым ар бир нерсенин кадырына жетүүгө көмөкчү болду. Таштанды таштабайлы, жаратылыш кооздугун сактайлы, сулуулукту көрө билели дегим келет.
– Келечекке койгон максаттар...
– Учурда өлкөбүз жакшы кадамдар менен өнүгүүгө баратат. Демек, келечекте туризм багыты да чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Айтайын дегеним, араб өлкөлөрүнөн туристтерди алып келип, жаратылыш менен тааныштырып, кереметтүү Ысык-Көлдү баш кылып, баарын көрсөтөйүн деп жатам. Аны менен катар ар бир аймак жөнүндө видео тартып, интернетке жүктөйүн деген ойлор бар.
– Арстанбек мырза, маегиңизге ыраазычылык! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.