"Кара түтүн каптап". Тбилисидеги базарлардын биринде ири өрт чыкты (видео)

Грузиянын Тбилиси шаарында "Вокзальная площадь" метро станциясынын жанындагы базар өрттөнүп кеткендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, өрт таңкы саат 6:00дөр чамасында экинчи кабатта жайгашкан бут кийим дүкөнүндө чыккан. Окуя болгон жерге онго жакын өрт өчүрүүчүлөр барган. Өрт бир нече сааттан бери көзөмөлгө алынууда.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт кийим-кече, жашылча-жемиш кампаларын, ошондой эле башка сактоочу жайларды каптаганын билдирген. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок экендиги кошумчаланган.

Тибилисидеги базардагы ири өрт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан