Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Талкуу учурунда депутат Жанар Акаев мыйзамдагы акыйкатчынын отчёту парламент тарабынан жактырылбаса да ал иштен алынбайт деген нормага нааразы болду.
"Мурун өкмөт толугу менен Жогорку Кеңешке көз каранды болчу. Эгерде өкмөт башчынын отчёту менен бюджет кабыл алынбаса, анда курам толугу менен отставкага кетчү. Азыркы Баш мыйзамда өкмөт баяндамасы кабыл алынбаса дагы отставкага кетпейт. Эгерде бул мыйзам кабыл алынса, биз акыйкатчынын отчётун жактырбасак дагы ал кызматтан кетпей калат да. Муну өзгөртүш керек", - деди ал.
Мыйызам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Марлен Маматалиев мыйзамдагы аталган норманы экинчи окууда өзгөртүп алып келерин убадалады. Жыйынтыгында долбоор жактырылды.