Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Ак үйдө Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүнө кеңсесин ачуу керектигин айтты.
Ал арызданып келгендер менен иштешүүдө депутаттарга жеңилдик болмок дейт.
"Мына, Ак үйдүн чыгыш жагынан да, батышынан да, алдынан же артынан кирсеңиз дагы кагазын көтөрүп алып, арызданып жүргөн адамдар. "Менин укугум бузулду. Милиция могундай. Аякка-биякка кайрылат элем" деп жүрүшөт. Биз келгендердин арызын сөзсүз угабыз. Андыктан Акыйкатчы институтунун бир өкүлүнө Жогорку Кеңештен кабинет берип туруп, отургузушубуз керек. Алар да бизге жардам берсин", - деди Акаев.