1-класска кабыл алуу үчүн жасалма бот ишке кирди

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-класска кабыл алуу процессин жеңилдетүү үчүн жасалма интеллектке негизделген "Мектепке кабыл алуу" (@Mektep110bot) Телеграм ботун иштеп чыкканын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, бот иштеп баштагандан бери бир айдын ичинде 10 миңден ашык адам колдонгон.

Боттун артыкчылыктары:

  • Көп берилүүчү суроолорго орус жана кыргыз тилдеринде жооп берет
  • Калктын бардык топторунун муктаждыктарын эске алуу менен көп тилдүү колдоону камсыз кылат
  • Күнү-түнү иштейт, бул каалаган ыңгайлуу убакта консультация алууга мүмкүнчүлүк берет
  • Кабыл алуу процесси боюнча ишенимдүү маалыматтын бирдиктүү булагын камсыз кылат
  • Ата-энелерге негизги маалымат алуу үчүн мектепке өзү барбашына жардам берет
  • Стандарттуу суроолорго жоопторду автоматташтыруу аркылуу мектеп кызматкерлеринин жүгүн азайтат
  • Маанилүү маалыматты так жана тез берүү үчүн заманбап жасалма интеллект технологияларын колдонот

Долбоор Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо (2023-2025)" программасынын алкагында ишке ашырылды.

"Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигинин адистери жасалма интеллект ботунун жооп берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иш алып барышууда. Бул аракеттер мектепке электрондук каттоо боюнча гана эмес, жалпы 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселелерин да камтыйт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан