Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева алдамчылар жаңы ыкма колдонуу менен жарандардын банктагы акчаларын чыгарып алып жатышканын айтты.
Ал көбүнчө шылуундардын курмандыгы көп жылдан бери акчасын чогултуп келе жаткан мугалим менен дарыгерлер болуп жатканын белгиледи.
"Телефондон чалып, "сиздин фамилияңыз Украинадагы согушка катышкандардын арасынан чыгып жатат, банктагы эсебиңизди коопсуз эсепке которуңуз, антпесе УКМК артыңыздан түшүп, камалып кетесиз" деп коркутушат экен. Жүрөгү түшкөн адам аны берсе, алар онлайн башка жакка которуп жиберет экен. Ошентип өмүр бою чогулткан акча каражаттарын алдырып коюп жатышат да", - деди Сурабалдиева.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев азыркы мыйзам боюнча алдаткан адамдын акчасы кайсы банкка которулбасын камакка алынарын билдирди. Ал үчүн жабырлануучу арыз менен кайрылуусу керек.