Ошто мыйзамсыз ташылып бара жаткан таш бакалар аныкталды

Оштогу “Достук” чек ара өткөрмө пунктунда мыйзамсыз ташылып бара жаткан деңиз таш бакалары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, текшерүү учурунда Өзбекстандын Г. Б. аттуу жараны тарабынан 197 баш тирүү “кичине деңиз таш бакасын” Кыргызстандын аймагынан Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасалганы аныкталган.
Шектүү кармалып, таш бакалар Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Бул факты боюнча Г.Б.га “Укук бузулар жөнүндө” кодексинин 262-беренесине ылайык 20 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал эми деңиз таш бакалары Ош шаарынын “Наваи” атындагы эс алуу багындагы жеке ишкер И.Эргешовго таандык зоопаркка убактылуу кармоо үчүн өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан