Ош облусунун Араван районунда мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Мекеме тактагандай, Чек-Абад жана Дөбө-Коргон айыл өкмөттөрүнөн жалпы суммасы 21 630 сомду түзгөн, Oris брендиндеги 492 куту тамеки продукциялары алынды. Алардын акциздик маркасы жана тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес.
Бул факты боюнча жеринде өлкө мыйзамдарына ылайык баштапкы процессуалдык документтер таризделип, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, 1000 даанага чейин акциздик маркасы жок тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып пул салынат, ал эми 1000 даанадан көп болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.